Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Президент кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады


Мамлекет башчы Роза Отунбаева куттуктоосунда өлкөнүн бейпилдиги үчүн курман болгон кыздарын жана уулдарын терең урматтоо менен эскерип, азыркы тапта өлкөнүн тынчтыгы үчүн кызматта турган азаматтарга да ыраазычылык билдирген.

"Мекенди коргоо - ар бир жарандын ыйык милдети. Бүгүн Кыргызстан кескин өзгөрүү жолуна түшкөндө ар бирибиздин тынчтык үчүн, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кошкон салымыбыз зор жана маанилүү. Мен бардык мекендештерибизди биримдикке, ынтымакка жана өлкөбүздүн келечегине салым кошууга чакырам",- деп айтылат президент Роза Отунбаеванын куттуктоосунда.

Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоосун 22-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков жана премьер-министр Алмазбек Атамбаев да кыргыз элине жолдогон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG