Жогорку Кеңештин Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети 22-январда “Кочкор” жана “Тянь-Шань” асыл тукум мал чарбаларына байланыштуу маселени карады. Анда аталган мал чарбаларын бүлүнтүп-бүлдүргөн жетекчилерди жоопко тартуу сунушу айтылды. Кыргызстанда 11 асыл тукум мал чарбасы бар. Алардын ичинен “Кочкор” менен “Тянь-Шань” чарбалары Кыргыз мал чарба жана жайыт боюнча илим изилдөө институтуна таандык. (EBM)