Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына террорчу делип шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде кармалып турган айыпталуучулардын 10 чакты туугандары митинг өткөрүштү. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден билдиргендей, алар колдоруна “Биздин балдар террорчу эмес!”, “Дүйшөбаев өзү террорчу!”, “Дүйшөбаев – Берия!” деген плакаттарды кармап турушту. Алар террорчу делген балдардын күнөөсү жок экенин айтып, кармалгандарды тез арада бошотууну талап кылышууда.
УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев соңку террористтик иш-чараларга, Арашандагы окуяларга “Жайшул Махди” аттуу уюмдун мүчөлөрүнүн тиешеси бар деп билдирген. Бул окуялар боюнча жалпысынан 16 адам шектелүүдө. Алардын ичинен 11 адам колго түшкөнү, экөө Арашандагы атайын операциянын маалында өлтүрүлүп, 3 адамга издөө жарыяланганы кабарлаган. УКМК айыпталуучуларга карата олуттуу далилдер бар экенин айтып келатат. (IJz)