Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Ошто мугалимдердин форуму өтүп жатат


Эки күндөн бери Ош шаарында өтүп жаткан форумдун 2-этабы "Ош аймагындагы мектептерде социалдык-психологиялык жактан жагымдуу чөйрө түзүү" долбоорунун алкагында Билим берүү министрлиги жана ЮНИСЕФ уюму тарабынан уюштурулууда. Аталган долбоорго ылайык ар башка улуттагы, жаштагы жана кызыкчылыктары түрдүү болгон балдарды жакындатуучу иш-чараларды өткөрүү үчүн шаардагы 57 мектептин ар бирине 11 800 сомдон грант берилет.

«Мектепке кош келиңиздер!» деп аталган улуттук демилге июнь коогалаңынан кийин балдардын окуусун улантуусуна жана мектептердеги социалдык-психологиялык абалдын калыптануусуна шарт түзүү максатын көздөйт. Бул үчүн балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, коогалаңда жабыркаган мектептердин окуучуларын башка мектептерге окутуу жана убактылуу окуу жайларын түзүү иштери жүргүзүлгөн. Өткөн аптада Ош шаарында июнь окуясында өрттөнүп кеткен орто мектептин башталгыч класстары үчүн мурдагы чайхананын имараты оңдолуп берилген. Анда балдардын билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG