Бүгүн Жогорку Сот атайын билдирүү таратып, сот бийлигиндеги коррупциялык иштер тууралуу такталбаган маалыматтарды жазган журналисттерге, далилдерсиз кайсы бир соттун аброюна шек келтирген маалымат каражаттарына эскертүү жасады.
Маалыматка ылайык, соңку кездери бир катар маалымат каражаттарында өз кызыкчылыктарын көздөгөн же бирөөнүн буйрутмасын аткарган маалыматтар көбөйгөн. Ошентип талаш-тартыштуу териштирүүлөрдө сотторго ушундай жол аркылуу басым жасоо аракеттери болууда.
Буга байланыштуу Жогорку Сот “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга ылайык, такталган, далилденген гана маалыматтарды таркатууга чакырат. Бул мыйзамга ылайык, такталбаган маалыматтарды тараткан ЖМК жана алардын өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартуу каралган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады. (IJz)