Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Ирактык террорчулардын ана башы жок кылынды


Ирактын аскерий жетекчилиги “ал-Кайида” менен байланыштагы “Ирак Ислам Республикасы” уюшмасынын аскерий башчысы жок кылынганын 25-февралда жарыя кылды. Маалыматка караганда, ан-Насер Лиден Алла Абу Сулейман 24-февралда түндө Багдаддын четинде өткөрүлгөн атайын операция кезинде жок кылынган. “Согуш министри” деген ат менен таанымал Сулейман Ирактагы бомба чабуулдары, анын ичинде жанкечтилердин чабуулдарын уюштурууга жооптуу. Ал былтыр апрелде өлтүрүлгөн египеттик Абу Аюб ал-Масрини алмаштырган.

XS
SM
MD
LG