Бүгүн (25-февралда) Ирактын шаарларында миңдеген адамдар катышкан көчө жүрүштөрү өтүүдө. Алар жемсөөлүктү токтотууну жана өкмөттүк мекемелердин ишин жакшыртууну талап кылышууда. Жалпы улуттук өкмөткө каршы акцияны анын уюштуруучулары “Каардануу күнү” деп аташты. Демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү арасында болгон кагылышууларда кеминде беш киши курман болгону айтылууда.
Премьер-министр Нури Малики бүгүн эртелеп элди көчө жүрүшүнө катышпоого үндөп, аны Саддам Хусейн менен “ал-Кайиданын” жактоочулары уюштуруп жатканын эскерткен.
Жума күнкү анти-өкмөттүк жараян негизинен Facebook социалдык түйүнү аркылуу уюштурулду.