Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Этностор аралык жаңжалды алдын алуу жолдору талкууланат


Бишкекте "Этнос аралык жаңжалдарды алдын алууда мамлекет менен жарандык коомдун өз ара аракети" деген илимий-практикалык семинар өтүүдө. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы уюштурган бул иш-чарага мамлекеттик органдардын, илимий-академиялык жамааттардын, саясий партиялардын жана жарандык чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда. Семинарда окумуштуулар жана мамлекеттик кызматкерлер былтыр Кыргызстандын түштүгүндө болгон улут аралык жаңжалдан кандай сабак алуу керектиги жана мындан ары ал сыяктуу чатактарга жол бербөө жолдорун сунуш кылууда. Ушул тапта курамы 45 кишиден турган жумушчу топ этностор аралык мамилени жакшыртуу боюнча концепциянын долбоорун иштеп жатышат. Долбоор апрель айында жарыяланат. (AzK)

XS
SM
MD
LG