Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Казакстандын БШКсы президенттикке экинчи талапкерди каттады


Нурсултан Назарбаевден кийин президенттик талапкер катары расмий каттоодон өткөн Жамбыл Ахметбеков - 50 жашта.
Бул талапкер Казакстандын коммунисттик элдик партиясынан көргөзүлгөн. Бул партия бийликти жактаган саясий уюм катары белгилүү.
БШКнын маалыматына караганда, Ахметбековдун талапкерлигин жактап, 96 миңден ашуун киши кол коюшкан. 3-апрелге белгиленген президенттик эрте шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип, БШКга өзүн-өзүн көргөзгөндөрдү кошкондо 22 адам арыз берген.
Бирок тил комиссиясынын сынагынан алардын 11и гана өттү.
Казакстандын оппозициядагы негизги партиялары шайлоого бойкот жарыялап, эч бир талапкер чыгарган жок.
Назарбаев 1984-1989-жылдары Казакстандын өкмөт башчысы болгон. 1989-91-жылдары Казакстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы.
1990-жылдын апрелинен тартып Казакстандын президенти кызматын ырааттуу аркалап келет.
С 14 июля 1990 по 23 августа 1991 — Член Политбюро ЦК КПСС.

XS
SM
MD
LG