Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Кытай премьери кымбатчылык социалдык туруктуулукка коркунуч туудурарын айтууда


Вэнь Цзябаонун айтымында, инфляцияны ооздуктоо Кытай өкмөтү артыкчылык берген маселе жана ал бул нерсе орундаларына ишенет. Цзябао кошумчалгандай, Кытайда дан жетиштүү, өлкөнүн ашыкча чет элдик валюта кору бааларды көзөмөлдөөгө жардам берет. Премьер- министр бул тууралуу кытай парламенти – Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын келерки айда башталуучу сессиясын утурлай уюштурулган интернет конференция учурунда айтты. Өткөн айда Кытайда инфляциянын жалпы көрсөткүчү 5% болгону менен расмий эсепте азык-түлүктүн наркы 10,3%га өскөн.

XS
SM
MD
LG