Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиришинче, акыркы мезгилде парламентте көтөрүлүп жаткан Омбудсменди мөөнөтүнөн мурда бошотуу демилгелери негизсиз жана аны кызматынан алуу үчүн себеп жок. Акун бул демилгелерди Акыйкатчы аппаратынын ички иштерине кийлигишүү катары сыпаттоодо.
25-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ар-Намыс” фракциясынын мүчөсү, Адам укуктары комитетинин төрагасы Дастан Бекешов Акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу демилгесин көтөрүп чыккан. Мындай демилгенин көтөрүлүшүнө Омбудсмен аппаратынан жумуштан алынган айрым кызматкерлердин дооматтары себеп болгону кабарланган. Парламенттин басма сөз кызматы бул маселелерди иликтей турган атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдады. (KKs)