Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Муаммар Каддафиге эл аралык кысым күчөдү


Расмий Лондон Ливиянын жетекчиси Муаммар Каддафини жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн дипломаттык кол тийбестиктен ажыратты. Бул чечим 27-февралдагы Улуттар Уюмунун ливиялык жетекчи, анын жакындарына каршы кабыл алган жазаналарынан кийин чыкты.

«Кечээ түнү мен анын дипломаттык кол тийбестигин Улуу Британияда жокко чыгарган чечимге кол койдум. Ошондой эле анын уулдары, жакындары, үй кызматкерлери дагы дипломаттык кол тийбестикти жоготту. Анын макамы тууралуу биздин чечимибиз ушундай так», - деди Британ тышкы иштер министри Уиллям Хейг.

Кечээ Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ливиядагы карапайым адамдарга карата бийликтин зордук-зомбулугуна байланыштуу атайын резолюция кабыл алды. Ага ылайык Каддафи, анын үй-бүлө мүчөлөрү жана саясий өнөктөштөрү чет өлкөлөргө чыгуусуна Улуттар уюму тыюу салат.

Буга кошумча эл аралык уюмдар ливиялык бийликтин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдөгү байлыгын тоңдурат. Ошондой эле резолюция Гаагадагы Эл аралык сотту Ливиядагы адамзатка каршы кылмыш боюнча териштирүүнү токтоосуз баштоого чакырат.

XS
SM
MD
LG