Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:38

Обама Бахрейн падышасынын кадамын колдоду


АКШ президенти Барак Обама Бахрейн падышасынын өкмөттө маанилүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүүсүн “реформа жөнүндөгү убаданы аткаруу” деп сыпаттады.
Эки жумадан берки анти-өкмөттүк толкундоолордон улам падыша Хамад бин Иса ал-Халифа 26-февралда улуттук өкмөттүн төрт мүчөсүн, анын ичинде үй-бүлөсүнүн эки мүчөсүн кызматтан кетирген.
АКШ президенти 27-февралда Бахрейн лидерин өз эли менен “бөлүп-жарбай, мазмундуу, жоопкерчиликтүү” сүйлөшүү өткөрүүгө да чакырды. Соңку маалыматтар боюнча, Бахрейндеги нааразылык чаралары маалындагы кагылышууларда жети киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG