Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Омандын эли да толкуп жатат


Омандык жүздөгөн демонстранттар өлкөнүн экинчи чоң порту Сухардга кирчү жолду үч күндөн бери буушууда. Өлкө байтакты Мускаттан 200 чакырым түштүк-батыштагы порттуу шаардагы негизги жолдорду коопсуздук күчтөрү да тосууда. Жекшемби күнү полиция демонстранттарды көздөн жаш агызчу газ жана желим окторду атып таркатканга аракет кылды. Кагылышта 1 адам набыт болгону ырасмий маалымдалды. Демонстранттар султанатта тезинен реформа жүргүзүүнү талап кылышууда.

 

XS
SM
MD
LG