Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:38

АКШ Каддафини жоопко тартууга үндөдү


АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча 28-февралда Женевада өтүп жаткан жыйынында сүйлөп, Муаммар Каддафи мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопко тартылыш керек деди:

- Полковник Каддафи жана анын тегерегиндегилер эл аралык милденттенмелерин жана орток эрежелерди бузгандары үчүн жооп бериши шарт. Алар өз аракеттери менен башкаруу укуктарын жоготушту. Ливиянын эли Каддафи дагы коогалаң салбай же токтоосуз кетиши керек деп ачык айтышты.

Клинтон айым эл аралык коомчулукту Ливиядагы кризисти токтотуу боюнча чогуу иштешүүгө да чакырды.

Европа Биримдиги дүйшөмбү күнү Каддафинин режимине каршы санкция киргизели деп чечти. Ага ылайык, өлкөгө аскерий куралдар сатылбайт, банктардагы акчалар тоңдурулат, Каддафинин өзү жана жакын чөйрөсү уюмга мүчө өлкөлөргө киргизбейт.

XS
SM
MD
LG