Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:23

Этностук өнүктүрүү жол-жобосун иштеп чыкчу жумушчу топ түзүлдү


Президент Роза Отунбаеванын буйругуна ылайык, өлкөдө этностук өнүктүрүү багыттарын иштеп чыгуу максатында “Этностук өнүктүрүү жана коомду баш коштуруу” концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

“Этностук өнүктүрүү жана коомду баш коштуруу” концепциясы баардык жарандарды өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий жашоосуна жигердүү катышууга чакырып, коомдун туруктуу өнүгүшүн камсыздоо, комплекстүү чараларды ишке ашыруу максатын көздөйт.

Жумушчу топтун курамына өлкөдөгү жарандык коомдун, улуттук маданий борборлордун, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү кирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG