Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Кыргызстан Грузиянын тажрыйбасы менен таанышат


Бүгүн эртең менен вице-премьер-министр Шамил Атаханов жетектеген делегация укук коргоо чөйрөсүн реформалоону изилдөө жана тажрыйба алмашуу максатында Грузияга жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, бул сапар Кыргызстандагы укук коргоо органдарынын ишин реформалоо жана укуктук саясатты алып барууда бирдиктүү иш жүргүзүү жоболорун иштеп чыгуу боюнча ЕККУ менен кызматташтыктын алкагында уюштурулган.

Кыргыз делегациясы Грузиянын күч, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилери менен жолугат. Делегация курамында ИИМдин биринчи орун басары Бактыбек Алымбеков, президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Аида Салянова, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаков жана башкалар бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG