Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Ош шаарында Кыргыз-Орус-(Славян) университетинин филиалы ачылышы мүмкүн


Бүгүн (1-мартта) Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков башында турган парламенттик делегация расмий иш сапары менен Орусияга жөнөп кетти. Кыргыз делегациясы Орусия президентинин администрация жетекчиси Сергей Нарышкин, Мамлекеттик Думасынын спикери Борис Грызлов, Миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский менен жолугушат. Жолугушуу иш-чараларында парламенттер аралык кызматташтыкты өркүндөтүү, демилгелердин чечилишине түрткү бере турган мыйзам негиздерин иштеп чыгуу чаралары, Ош шаарында Кыргыз-Орус (Славян) университетинин филиалын ачуу, Бишкек шаарында Инновациялык билим берүү борборун ачуу, Кыргызстанда орус тилиндеги мектеп окуу китептерин басуу маселелери талкууланат. Делегациянын курамында төраганын орун басары Мыктыбек Абдылдаев, депутаттар Камчыбек Ташиев, Нурлан Сулайманов, Ширин Айтматова, Абдыжапар Бегматов, Игорь Гусаров, Улан Чолпонбаев жана Мамат Орозбаев бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG