Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Каддафинин аскерлери Завияны ала албады


Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр Завия шаарын ала алган жок. Завия Ливиянын байтакты Триполиден 50 чакырымдай батыштагы шаар. Күбөлөрдүн айтышынча, танктар жана авиация коштогон каддафичил аскерлер 1-мартка караган түнү Завияга алты багыттан кол салып, эрегишчилер менен уруш алты саатка созулган.

Каддафи Батыш агенттиктерине (Би-Би-Си, Ей-Би-Си жана “Таймс”) 28-февралда берген интервьюда өлкө эли аны сүйөрүн жана ал үчүн жанын бергенге даяр экенин айтты: “Алар мени сүйүшөт. Бардык элим мени менен. Менин элим мени коргоп өлөт.”

Каддафинин береги сөзүн АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Сюзан Райс “жөөлүү” деп атады. Кошмо Штаттардын кемелери жана аба күчтөрү Ливияга жакындатылды жана Вашингтон Ливиянын 30 миллиард доллар капиталын тоңдуруп койду.

XS
SM
MD
LG