Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:49

Июнь коогаcында мерт болгон 12 кишинин кимдиги аныкталды


Бул туурасында cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйында билдирди. Москвада өткөрүлгөн ДНК анализинин жыйынтыгы 99, 9 пайызга дал келет. Ушул тапта дагы 33 кишинин денеси таанылбаган бойдон калууда.

Кыргызстан таанылбай калгандарды аныктоого жардым берүү өтүнүчү менен Түркия, Жапония, Кытай жана Түштүк Кореяга кайрылды. Бул Кыргызстанда ДНК-лабороториянын жоктугуна жана Орусия тараптан анализ жүргүзүүгө бөлүнгөн кайтарымсыз каражаттын түгөнгөндүгүнө байланыштуу.

Министрликтин маалыматына ылайык, июнь коогасында 427 киши мерт болгон. Алардын ичинен 278и өзбек, 110у кыргыз, бешөө башка улуттун өкүлү. Ал эми 33 кишинин кайсы улуттан экени белгисиз. (AzK)

XS
SM
MD
LG