Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Минскиде митингдин 3 катышуучусу абакка кесилди


19-декабрдагы президенттик шайлоодон кийинки демонстрацияга катышкан 3 киши үч жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратылды.
Президентикке талапкер болгон Андрей Санниковдун маалымат катчысы Александр Отрощенков, митингдин катышуучулары Дмитрий Новик менен Александр Молчановго мындай өкүмдү Минскинин Фрунзе райондук соту чыгарды.

Үчөөнүн ичинен Молчанов күнөөсүн толук, Новик айыбын жарым жартылай мойнуна алды. Отрощенков болсо ал иш-чарага журналист катары катышканын айтып, бардык айыптарды четке какты. Бирок сот журналист Александр Отрощенковго абакка төрт жылдык мөөнөт чектеди.

XS
SM
MD
LG