Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Кыргызстанга газ толугу менен бериле баштады


Бул тууралуу “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жайнагүл Максимова “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, азыр Өзбекстандан келе турган газдын көлөмү калыбына келтирилип, Кыргызстандын тиешелүү аймактарына мурдагыдай эле бериле баштады.

2-мартта аба ырайынын суук болушунан улам Өзбекстандагы газ берүүчү түтүктөрдө басым төмөндөп кеткен. Мындан улам Кыргызстанга келе турган көгүлтүр оттун көлөмү азайган. Натыйжада Бишкек жылуулук чыгаруучу борбору мазут менен иштөөгө өткөн болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG