Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:44

Роза Отунбаева Францияда бир катар жолугушууларды өткөрдү


Францияга жасаган иш сапарынын алкагында президент Роза Отунбаева ал өлкөнүн Сенатынын төрагасы Жерар Ларше менен жолугушту. Өз сөзүндө Ларше Франциянын Сенатында парламенттик түзүлүш боюнча мол тажрыйба топтолгондугун жана алар кыргыз кесиптештери менен бул тажрыйбасынан бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Отунбаева Франциянын адилет министри Мишель Мерсье менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн юридика жаатындагы кызматташтыгынын маселелери талкууланды. (KKs)

XS
SM
MD
LG