Бул тууралуу бүгүн Гаага шаарынан Эл аралык Кылмыш сотунун прокурору Луис Морено-Окампо жарыялады. Ал Ливияда 15-февралдан бери жасалган кылмыштар боюнча бүгүн иши ачылгандыгын белгилеп, буларга токтолду:
- Биз кылмыштарга барды делген коопсуздук күчтөрүнө де-факто же расмий бийлик жүргүзгөн адамдарды аныктадык. Алар Муаммар Каддафи, анын тегерегиндегилер жана кээ бир уулдары.
Эл аралык Кылмыш сотунун прокурору ага катар Каддафинин коопсуздук күчтөрү өлкөнүн бир нече шаары менен шаарчасында демонстранттарга кол салганын кошумчалап, күнөлүүлөр жазасыз калбасын эскертти.
Бул аралыкта бүгүн Чыгыш Ливиянын шаарларына аба соккулары жасалды.
Каддафиге жан тарткан күчтөр, күбөлөрдүн айтымында, маселен Брега деген порттук шаарда аэропортко, ал эми Аждабия деген шаарда козголоңчулардын турумдарына абаддан сокку урду.
Тунис менен Ливиянын чек арасында Ливия тараптан качып келген миңдеген египеттиктерди бүгүн мекенине эвакуациялоо иш башталды. Алар соңку бир нече күндөн бери кете албай, чек арада турушкан эле. БУУнун качкындар иши боюнча мекемесинин маалыматына караганда, азыркыга чейин Ливиядан кеминде 180 миң киши качып чыккан.