Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Кытай армиянын бюджетин көбөйтүүдө


Кытай бийликтери аскерий чыгымдарын дээрлик 13 процентке көбөйтүп жатканын жарыялады. Өкмөттүн өкүлү маалымдаганына караганда, 2011-жылкы аскерий бюджеттин жалпы көлөмү 601 миллиард юанды же 91 жарым миллиард долларды түзмөкчү. Кытай жетекчилиги 2 жарым миллион жоокерден турган Элдик армияны модернизациялоо үчүн көбүрөөк каражат керектигин жана бюджеттин көбөйтүлүшү коргонуу максаттарын гана көздөөрүн белгилөөдө. Өкмөттүн билдирүүсү Коммунисттик партиянын ишемби күнү ачылып жаткан курултайы алдында жасалды. Айрым кабарларга караганда, аскерий чыгымдар боюнча Кытай АКШдан кийинки 2-орунда турат.

XS
SM
MD
LG