Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Укук коргоочулар партияларды кылмыштуулукка каршы күрөштү колдоого чакырышты


Укук коргоочулар кеңеши саясий партиялардын лидерлерин Кыргызстандагы уюшма кылмыштуулукка карата так мамилесин билдирүүгө жана кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан аракеттерди колдоого чакырган билдирүүсүн таркатты. Алардын жүйөсү боюнча, азыркы тапта кылмыштуулукка каршы күрөштү колдогон эки гана партия бар. "Калган партиялар да кылмыш дүйнөсүнө каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштү колдоп-колдобой тургандыгын ачык билдириши керек. Айрым саясатчылардын кылмыш өкүлдөрү менен болгон байлынышы Кыргызстан үчүн негизги коркунуч",-деп жазылат билдирүүдө. Мындан сырткары укук коргоочулар уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшкө мамилесин билдирбеген партияларды кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар деп шек саноого болоорун белгилешкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG