Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Ливия: Завия шаары камоодо


Ливияда Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөр өлкөнүн түндүк-батышындагы көтөрүлүшчүлөр колундагы Завия шаарын курчоого алды. 5-мартта Завияны көпчүлүк таштап кетип жатканы кабарланууда. Ишемби күнү таң эртең Каддафичил күчтөр шаарга чабуул жасаганда, эрегишчилер артка чегиндирген. Өлкө байтакты Триполиден 50 чакырымдай батыштагы Завиянын ортосунда өмүр жана өлүм үчүн согуш жүрүп жатат. Ливиянын чыгышындагы козголоңчулар Триполиге көздөй жөнөөрүн билдиришти. Алар жума күнү мунай иштетүүчү Рас Лануф шаарынан Каддафинин аскерлерин артка чегиндирген. Көтөрүлүштүн очогу, чыгыштагы Бенгази шаарында курал-жарак сактоочу кампа жарылып, өлгөндөрдүн саны 27ге жеткени кабарланды. Курал-жарак кампасы эмне себептен жарылганы беймаалым калууда..

XS
SM
MD
LG