Бүгүн кечке жуук Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук бий боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат. Анда Европа жана Латын америкалык спорт бийлеринин үлгүсүндө жуп болуп бийлөө мелдешинде төрт жүзгө жакын бийчилер ат салышат. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Бишкек шаардык спорт комитетинин башчысы Шейшенкул Бакировдун “Азаттыкка” билдиришинче, бийчилер эң аз дегенде беш бийдин түрү боюнча күч сынашат. Мелдештин жыйынтыгында 1-орундан 6-орунга чейин сыйлыктар ыйгарылмакчы. (KKs)