Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Президент Карзай АКШ аскерлерине нааразы


Ооган президенти Хамид Карзай АКШ башындагы күчтөрдүн жарандарды жаңылыш атып алуусуна мындан ары чыдап болбосун жана ал үчүн кечирим сураган жетишсиз экенин эскертти. Карзай мындай билдирүүнү 6-мартта Ооган жериндеги АКШ аскерлеринин командачысы Дэвид Петреус менен кездешүүдө айтты.

2-мартта НАТОнун тикучары Кунар провинциясында тоодо отун терип жүргөн балдарды жаңылыш бомбалап, сөөгү ката элек 9 бала курман болгон эле.

XS
SM
MD
LG