Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Францияда мурдагы президент Ширактын үстүнөн сот башталды


Париждеги сот бүгүн (7-мартта) Франциянын мурдагы президенти Жак Ширакка каршы жараянын баштады. 78 жаштагы Ширак Париж шаарынын акими (1977-1995) болуп турганда мэрияда жалган кызмат орундарын түзгөн деп айыпталууда. Ал орундар «Республиканы колдоо үчүн бириккен» башкаруучу партияны шаардык казынадан каржылоо максатында түзүлгөн деген кине коюлууда. Мамлекеттик айыптоонун айтуусунда, Жак Ширак «кагаздагы кызматкерлерге» маяна төлөп турган.

Эгер Ширак күнөөсүн мойнуна алса, 10 жылдай абака кесилип, 150 миң евро айып пул төлөшү ыктымал.

Франциянын мурунку президенти бардык айыптоолорду четке кагып, иштин баары мыйзам чегинде жана париждик муниципалитеттин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөндүгүн айтып келет. Ал шейшембиде сот отурумуна катышуусу ыктымал.

XS
SM
MD
LG