Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:35

Тибет март айында туристтерге жабык болот

Кытай бийлиги бул өлкөгө тиешелүү Тибет өрөөнүнө чет элдик туристтердин келүүсүн өкмөткө каршы көтөрүлүштүн 3 жылдыгына карата убактылуу токтоткону кабарланды. Маалымат каражаттары туристтик агенттиктердин «Тибет март айында чет элдиктер үчүн жабык» деген маалыматын гана билдирип жатат.

2008-жылдын март айындагы бийликке каршы көтөрүлүштө Тибеттин баш калаасы Лхаса талап-тоноого, кыйроого кабылган. Хьюман Райтс Уотч уюму Кытайдын аскер күчтөрү тибеттик козголоңчуларды катуу ур-соккуга алганын, ал тургай эч аёсуз атып таштаганын айыптап чыккан. Андан кийин чет элдик туристтердин бул чөлкөмгө келишине бир жылдай чектөө коюлган.
XS
SM
MD
LG