Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Косово менен Сербия алгачкы сүйлөшүүсүн баштады


Бул - Косово 2008-жылдын февралында Сербиядан көз карандысыздыгын бир тараптуу түрдө жарыялагандан берки алгачкы сүйлөшүү. Брюсселде Евробиримдиктин ортомчулугу астында башталган сүйлөшүүлөр Сербия караманча-каршы турумду карманган көз карандысыздык маселесинде кандайдыр бир олуттуу бурулуш алып келчүдей эмес. Бирок сүйлөшүүлөрдүн башталышын аба кыймылын көзөмөлдөө, жерди каттоо өңдүү күндөлүк жашоодо зарыл маселедерди чечүүдөгү алгачкы кадам катары эки тарап тең кубаттады. Косовону көз карандысыз мамлекет катары азыркыга чейин 75 өлкө, анын ичинде АКШ жана Евробиримдиктин басымдуу бөлүгү тааныды. Кыргызстан КМШнын башка өлкөлөрүндөй эле тааный электердин арасында.

XS
SM
MD
LG