Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

АКШнын вице-президенти орус өкмөт башчысы менен жолугат


Жо Байден менен Владимир Путиндин жолугушуусу бүгүн Москвада өтөт. Москвадагы кечээги сүйлөшүүлөр учурунда Байден АКШ Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушун колдооруна ишендирди. Ал кечээ орус өкмөт башчысынын орун басары Игорь Шувалов, президент Дмитрий Медведев менен жолукту жана АКШ менен Орусия алакасынын келечеги экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү да камтырын да айтты:

- Мени бул жерге келишимдин себеби президент (Обама) сиздин Орусияны модерниазациялоо, инновациялоо, өзгөртүү боюнча көз караштарыңызга байланыштуу биз экономикалык кызматташтык чөйрөсүндөгү ийгиликтердин мындан аркы өнүгүшүн көргүбүз келерин мен дагы бир жолу ырастоомду каалады. Биз бул жараяндын бир бөлүгү болгубуз келет.

Кечээ Москвада Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы АКШнын “Боинг” компаниясынан 2,2 миллиард долларга “Боинг 777” үлгүсүндөгү сегиз жүргүнчү учак сатып алуусун караган келишимге кол коюлду.

XS
SM
MD
LG