Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

НАТО жана Евробиримдик Ливия боюнча жыйынга чогулууда


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери биримдиктин эртеңки саммитин утурлай бүгүн Брюсселде жыйналып жатса, НАТОго кирген 28 өлкөнүн коргоо министрлери өзүнчө кеңешме өткөрөт. Аларда Ливиядагы жаңжалды жөнгөрүүнүн жолдору башкы маселе болору күтүлүүдө.

Евробиримдик менен НАТО өлкөлөрү Ливиянын узактан берки жолбашчысы Муаммар Каддафини бийликтен кетүүгө жапырт чакырып жатышат, бирок ага каршы катаал чара көрүү маселесинде ажырым бардай.

Маселен Франция меен Британия Улуттар уюму Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялашы керек деп эсептөөдө. Ал эми арасында АКШда бар айрым өлкөлөр мындай чара кеңири эл аралык, анын ичинде араб мамлекеттеринин колдоосу менен ишке ашуусу зарыл деген турумду карманып турушат.

Бүгүнкү жыйынды утурлай Португалиянын тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, алардын министри Луис Амадо Лиссабондо Каддафинин чабарманы менен жолукту. Бирок жолугушуунун чоо-жайы маалымдалган жок.

Ливиянын өзүндө болсо Каддафинин күчтөрү борбор Триполиден 50 чакырым аралыктагы Завия шаарында жеңишке жетишкенин ырастоодо. Бирок бул маалымат көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек. Аталган шаар буга чейин козголоңчулардын колунда болчу. Каддафинин күчтөрү козголоңчулардын Триполини көздөй жылышын токтотуу үчүн учактарды, артиллерияны колдонуу менен контрчабуулга өткөн.

Ливияны 40 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып жаткан Каддафиге каршы элдик көтөрүлүш чыкканына төрт жума болуп калды.

XS
SM
MD
LG