Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

“Республика” партиясы Бабановго байланыштуу билдирүү таратты


“Республика” партиясынын Саясий кеңеши партиянын лидери Өмүрбек Бабановдун айланасында соңку мезгилде айтылып жаткан кептерге байланыштуу билдирүү таратты. Анда "кызыкдар тараптар Бабановдун беделине көлөкө түшүрүүгө аракеттерди көрүп жатат" деп айтылат. “Кээ бир саясий партиялардын лидерлери азыркы учурда республикабыздын экономикасын оңдоого багытталган олуттуу кадамдарга ар кандай ыкмалар менен ачык эле бут тосуп жатышат”,-деп жазылат билдирүүдө. Мындан улам “Республика” партиясы мындай аракеттерди коюп, парламенттеги жана башка саясий күчтөрдү өлкөнүн алдыга жылышына биргелешип аракеттенүүгө чакырууда.

9-мартта Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Алексей Островский жана депутат Семен Багдасаров Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында маалымат жыйынын өткөргөн. Алар Өмүрбек Бабанов “Мегаком” компаниясын иштетип келатышкан орусиялык ишкерлерди рыноктон сүрүп чыгуу, компанияны алардан тартып алуу аракеттерине аралашып, кыргыз-орус мамилесине залакасын тийгизди деп белгилешкен.

2-мартта “Ата Мекен” фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев “Республиканын” лидери, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановду жана анын партиялашы, өлкөнүн экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаевди моралдык себептерге байланыштуу кызматтан кетүүгө чакырган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG