Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, сот жараяны буга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул иш боюнча Аксы окуясы маалында коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Болот Жанузаков, ошол кездеги башкы прокурор Чубак Абышкаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов жана ал убактагы Улуттук коопсуздук кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Таштан Мамбеталиев күнөөлөнүп жатат. Аларга "жарандарды мыйзамсыз кармоого алган" жана "кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланган" деген кинелер койулуп жатат.
2002-жылы 17-мартта Аксы районунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши набыт болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши мерт кеткен. (AzK)