Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Сауд Аравияда демонстранттарды таратуу үчүн полиция ок ачты


Өлкөдө азчылыкты түзгөн шийиттер кечээ Катиф деген шаарда демонстрацияга чыгышты. Рейтер жана Ассошейтед пресс маалымат агенттиктеринин күбөлөргө шилтеме жасап кабарлашканына караганда, полиция бир нече жүз демонстрантты таратуу үчүн асманга ок атып, тарсылдоочу гранаталарды колдонгон. Саудиянын ички иштер министрлигинин өкүлү полиция чогулгандар аларга кол салгандан кийин ок чыгарганын билдирди. Кагылышуу учурунда эки демонстрант, бир полицей жаракат алган.

Катиф шаарындагы кечээги демонстрация Сауд Аравиядагы бүгүнкүгө белгиленген нааразылык акцияларын утурлай орун алды. Кабарларга караганда, аны Тунис менен Египетте бийликтин алмашына алып келген элдик толкундоолорго шыктанган, демократияны жактаган активисттер уюштурууда. Саудиянын бийликтери өлкөдө нааразылык акцияларына тыюу салынгандыгын, коопсуздук күчтөрү демонстранттарга каршы чара көрөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG