Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

“Мегаком”: Жекшенкуловдун кишилери 4,5 млн. сом алып кеткен


“Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфа Телекомдун” коопсуздук департаментинин жетекчиси Тилен-Аалы Кызалаковдун “АКИпресс” агенттигинде билдиришинче, өткөн жылдын 8-апрель күнү “Мегакомго” “Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдун атынан келген Рашид аттуу жардамчысы 4,5 миллион сомду коркутуп алып кеткен. Мындан бир нече күндөн кийин "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Көлбаевдин атынан Баатыр деп өзүн тааныштырган адам да 2,5 миллион сом алган. Бирок учурунда компания тартип коргоо кызматкерлерине кайрылган эмес. “Альфа Телекомдун” башкы директорунун милдетин аткаруучу Азамат Мурзалиевдин айтымында, бул боюнча тиешелүү далилдер топтолуп, тартип коргоо органдарына тапшыруу үчүн даярдалууда. Алар кылмыш ишинин козголушун талап кылышууда.

“Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов мындай билдирүүнү жалган ушак катары сыпаттап, бул боюнча “Мегакомдун” жетекчилигин сотко бере тургандыгын “Азаттыкка” билдирди. (KKs)

XS
SM
MD
LG