Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Канатбек Исаев: Коалиция таркабайт


“Республика” фракциянын жетекчиси Канатбек Исаев жана КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков парламентте маалымат жыйынын өткөрүшүп, коалиция таркабай тургандыгын билдиришти. Исаевдин айтымында, азыр парламентте көпчүлүктү түзгөн коалициянын таркашы үчүн негиз жана себеп жок. Маалымат жыйынына коалицияга кирген “Ата Журт” фракциясынан өкүлдөр катышкан жок.

Бүгүн бир катар депутаттардын демилгеси менен парламенттин жыйыны токтотулуп, фракциялар коалицияга байланыштуу соңку жагдайларды талкуулоого киришкен эле. “Республика”, КСДП жана “Ата Журт” партияларынан турган коалиция 16-декабрда түзүлгөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG