Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Түлеев: “Ата Журттан” 19 депутат коалициядан чыгууга даяр


“Ата Журт” фракциянын жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, аталган фракция “Республика” жана КСДП фракцияларына өз талаптарын айтып, 22-мартка чейин убакыт берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” жыйындын соңунда “Ата Журт” фракциясынан депутат Нариман Түлеев билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта “Ата Журт” фракциясында 19 депутат коалициядан чыгып кетүүгө даяр. Калган эки партияга коюлган талаптар чечим чыгаруу иштерине байланыштуу. Эки фракцияга кандай талаптар коюлганы ачыктала элек.

Мындан бир аз мурда “Республика” фракциясынын жетекчиси Канат Исаев жана КСДП фракциясынын өкүлү Чыныбай Турсунбеков парламентте маалымат жыйынын өткөрүшүп, коалиция таркабай тургандыгын билдиришкен. Парламентте көпчүлүктү түзгөн коалициянын таркашы үчүн негиз жана себеп жок экендигин, фракциялар коалициядан чыгуу үчүн кеминде ар бир фракциядан 17 депутаттын макулдугу керектиги айтылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG