Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

14-мартта жаан-чачын күтүлбөйт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 14-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2…7 градус, күндүз 17…22 градус жылуу, Талас аймагында түнкүсүн 1…6 градус, күндүз 15…20 градус болоору күтүлүүдө. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн 3…8 градус, күндүз 16…21 градус жылуу болсо, Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 4…9 , күндүз 15…20 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0…-5 градус, күндүз 5…10 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13 градус болоору күтүлүүдө. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4 градус суук, күндүз 18…20 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG