Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Лидерлер жөөт үй-бүлөсүн өлтүрүүнү айыпташты


Комшо Штаттары, Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана Жакынкы Чыгыш боюнча төртилтик Иордан дарыясынын батыш жээгинде жөөт үй-бүлөсүнүн өлтүрүлүшүн айыпташты. Окуя 12-мартка караган түнү Итамар конушунда болгон. Кылмышкерлер бир түгөйдү 3 баласы менен кошо уктап жаткан жеринен мууздап кетишкен. Израил кол салуунун артында палестин согушкерлери турушу мүмкүн деп шектенүүдө. Аскерлер аларды издеп жатышат. Ак Үй бүтүндөй бир үй-бүлөнү үйүнөн өлтүрүү акылга сыйбас кылмыш деп, Палестин автономиясынын жетекчилигин бул терактты айыптоого чакырды. "Ройтерс" агенттигинин кабарына караганда, Аббас карапайым адамдарга каршы зордукчул аракеттерди айыптаган билдирүү жасады. Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху израилдиктерди өч алуу акцияларына барбоого үндөдү.

Кээ бир кабарларга караганда, кылмыш үчүн жоопкерчиликти "Ал-Аксанын шейиттери" аттуу палестиналык согушчан топ өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG