Касабланкада оппозициянын демонстрациясын күч менен таркатууда ондогон адамдар жаракат алганы айтылууда. Кечээ күнкү демонстрациянын катышуучуларынын айтымында, полиция аларды таяктар менен уруп-сабашкан. Оппозиция жыйынын тынч маанайда өткөргөнүн билдирүүдө. Алар өлкөдө демократиялык реформаларды өткөрүүнү талап кылышкан. Өткөн аптада Марокконун падышасы Мухаммед Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн атайын комитет түзүү демилгесин айткан эле.