Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

АКШнын мамкатчысы ливиялык козголоңчулардын лидерлери менен жолугат


Жолугушуу Париж шаарында өткөн жатат. Анда Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоо маселеси талкууланары күтүлүүдө. Бул идеяны Араб лигасына кирген өлкөлөр колдоп, Франция БУУнун Коопсуздук кеңеши бул кадамды колдоосу үчүн аракеттерди күчөтөрүн билдирген.

Бирок аналитиктердин айтымында, Батыш өкмөттөрү мындай чарага баруудан кетенчиктөөсү мүмкүн. Анткени Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоо өлкөнүн абадан коргонуу системасын талкалоону, балким учактар көтөрүлсө аларды атып түшүрүүүнү талап кылат.

Ливияда өлкөнүн узактан берки лидери Муаммар Каддафиге каршы күрөшүп жаткан коголоңчулар мындан бир апта мурун өлкөнүн чыгыш бөлүгүнүн баарын көзөмөлдөөгө жетишип, борбор Триполини көздөй жыла башташкан болчу.

Курал жагынан артыкчылык кылуу жана учактардын жардамы менен Каддафинин күчтөрү соңку күндөрү козголоңчуларды айрым жерлерден чегинүүгө аргасыз кылды. Кечээтен бери Ливиянын мунай өндүрүүчү Брега шаары үчүн күрөш жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG