Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Беларуста президенттикке мурдагы талапкер өлкөдөн качууга аргасыз болду


Алесь Михалевич бүгүн коопсуз жайда экендигин өзүнүн Интернеттеги блогу аркылуу билдирди. Ал Беларустан кеткендигин “Азаттык” радиосуна анын жубайы да ырастады. Михалевич беларус КГБсынын өзү эки ай олтуруп чыккан камак жайын өткөн айда концентрациялык лагерге салыштыруу менен абакта кыйноого кириптер болгондугун айткан болчу.

Бул аралыкта бүгүн Беларус боюнча жарыялган жаңы баяндамасында “Хьюман Райтс Уочт” уюму Беларустагы режим декабрдагы талаштуу президенттик шайлоодон кийин “жүздөгөн адамдары мыйзамсыз камап, аларга катаал мамиле жасагандыгын” белгиледи. “Хьюман Райтс Уочтун” пикиринде, бул өнөктүк “бүткүл өлкө боюнча эркин ой-пикир билдирүүнү жана жарандык коомду муунтуу үчүн жүргүзүлгөн".

XS
SM
MD
LG