Кыргызстандын Жапониядагы элчилигинен "Азаттыкка" кечээ Токио убактысы боюнча түнкү саат 12лерде 20 чакты кыргызстандык Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлигинин учагы менен учуп кетишти деп билдиришти. Аларды Бишкекке жөнөтүүгө Алматыдагы кыргыз консулдугу жардам берет. Маалыматка караганда, элчиликке мекенине кайтуу ниети менен 50дөй адам кайрылган. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кайтууну каалаган өз жарандарын алып келүү жолдорун издеп жатканы маалым болгон. Раcмий маалыматка ылайык, Жапонияда Кыргызстандын элчилигинде 135 кыргызстандык жаран каттоодон өткөн. Алардын көбү билим алып жүрүшөт. (EBM)