Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Ур-токмоктон мерт болду делген аскердин ишин ЖК комитети карайт


Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев Баткен облусунун Лейлек районундагы “Катраң” чек ара бөлүгүндө ур-токмоктон каза тапкан жоокердин маселеси жакында караларын билдирди. Каза болгон 19 жаштагы Назирбек Абдразак уулун 3-мартта аны менен кызмат өтөгөн 5 чек арачы токмоктоп салышкан. Жабыркаган Назирбек Ош шаарына дарылоого жиберилип, бирок 13-март күнү көз жумган.

Чек арадан оолак орун алган “Катраң” чек ара бекети 1999-жылы Баткен окуясы учурунда түзүлгөн болчу. “Бирок азыркы күндө бул чек ара бекеттин зарылдыгы жок болчу”, - дейт район акими Нууман Сайдуллаев. (EBM)

XS
SM
MD
LG