Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:07

Базар-Коргондо Аскаровду бошотпоону талап кылган митинг өтүүдө


Ушул тапта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук администрациясынын алдына былтыр 12-июнда Ош-Бишкек жолундагы Кара-Үңкүр көпүрөсүнүн боюнда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын капитаны Мыктыбек Сулаймановдун жакындары митинг өткөрүшүүдө. “Азаттыктын” өз кабарчысы окуя болуп аткан жерден билдиргендей, чогулгандардын саны 100дөн ашат.

Алар “Базар-Коргон районунда этностор аралык араздашууга шыкакчы болгон”, “12-13-июндагы башаламандыктарды уюштурууга катышкан” делип айыпталып аткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун “бошоп кетиши мүмкүн” деген каңшаарга байланыштуу акция уюштуруп, Жогорку Соттон айыпталуучу Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышууда.

Чогулгандар укук коргоочулар Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаиловаларга нааразы болгон сөздөрдү кыйкырып, Аскаровду коргогон иштерди жасабоого чакырышууда. Митингчилердин колдорунда “А.Абдрасулова - канчага чейин кылмышкер А.Аскаровду коргойсуң?”, “А.Аскаров бошотулса – анын туугандарына жашоо жок!”, “Жогорку Сот - райондук жана облустук соттун чечими күчүндө калтырылсын!”, “Тополоңду уюштурган А.Аскаровго боштондук жок!”,- деген сыяктуу жазууларды көтөрүп турушат. Алардын айтымында, Чехиядагы “Зарланган адамдар” аттуу бейөкмөт уюму Азимжан Аскаровго атайын сыйлык ыйгарганы тынчсыздантчу коңгуроо болууда. Ошол себептүү кыргыз бийлиги аларды ээрчип, Жогорку Сотто А.Аскаровду актап жибербөөсү керек.

Чогулгандарга бир канча милиция кызматкерлери көз салышууда. Митинг тынч маанайда өтүүдө.

Базар-Коргон райондук жана Жалал-Абад облустук соту Азимжан Аскаровду толук күнөөлүү деп таап, аны өмүр бою эркинен ажыраткан чечим чыгарган. (IJz)

XS
SM
MD
LG