Бул тууралуу облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн бүгүн «Азаттыка» билдиришти. Маалыматка караганда, Лейлек районунун «Катраң» чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн 19 жаштагы Абдразак уулу Назирбекти 3-март күнү чогуу кызмат өтөгөн 5 чек арачы топтошуп ур-токмокко алышкан. Жабыркаган Назирбек Ош шаарына дарылоого жиберилип, бирок 13-март күнү алган жаратынан каза болгон. Бул окуя боюнча аскер прокуратурасы кылмыш жаза кодексинин 358-беренеси менен кылмыш ишин козгоду. (JsA)