Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Билимин өнүктүргөн имамдарга сертификат берилди


Чүй облусунун 50, Бишкектеги 30 чамалуу имамга билимин өнүктүргөнү тууралуу сертификат берилди. Бул тууралуу Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Теология бөлүм башчысы Эрмек Бектуров “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, сертификат берилген сексенге жакын имам бир жума бою диний билимди өнүктүрүүгө багытталган семинардан өтүштү. Аларга исламдын негиздери, динге дал келбеген салттар, террорчулукка карата исламдын көз карашы өңдүү темаларда сабактар берилди. Мындан сырткары ислам дини менен мамлекеттин ортосундагы маселе, карым-катнаштар талкууга алынды. Лекцияларды муфтияттын өкүлдөрү, Кыргызстандагы ислам окуу жайларынын, Дин комиссиясынын айрым мүчөлөрү жана Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү өтүштү. Бул иш-чара Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана муфтият өткөрүлдү. Мындай семинарларды аймактарда да өткөрүү пландалууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG